Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча, жылдын биринчи жумасында республикада КРВИнин – 4245 учуру жана сасык тумоонун – 16 учуру катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу (52-жума ИК 116,1) 1,9 эсеге төмөн.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга күзөтчү көзөмөл жүргүзүү улантылууда. Өткөн жылдын октябрь айынан бери 1 207 үлгү алынган, анын ичинде сасык тумоонун А түрүнүн (Н1N1 (2009) – 71 учур, Н3N2- 1), сасык тумоонун В түрү – 8,4% (8 учур), COVID-19 – 15,8% (15 учур) лабораториялык изилдөөдө жыйынтыгы оң экендиги такталган.
Пикир
Оставить комментарий