Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азаюуда

Ден соолук 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоо менен КРВИ ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 6-жумасында (05.02-011.02.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7216 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрдан тарта 1 миң 641 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда.

Республикада КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын санынын көптүгүнөн жабылган мектеп жана бала бакчалар жок.

Пикир

Оставить комментарий