• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда сел кооптуулугу жаралышы ыктымал – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда сел кооптуулугу жаралышы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-августтан 3-августка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
  • үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
  • сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
  • мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Пикир

Оставить комментарий