• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кыргызстанда шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылды - президент

Президент 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш берген соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, азыр шайлоо системасында адам фактору жок. Анда иштер электрондоштурулгандыктан бюллетендерди аппарат санайт.

"Шайлоо аяктагандан кийин жарым сааттын ичинде маалымат жалпы республика боюнча чыгарылат. Бюллетендерди көрүп жатасыздар, шайлоочу каттоодон өткөндөн кийин бир кишиге бир гана бюллетень берилет. Ал башка шайлоо участогуна барып шайлай албайт. Азыр илгеркидей "карусель" деген жок да", - деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүүдө. Саясий өнөктүккө карата өлкө боюнча 2437 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле жалпы 10 шайлоо участкасында аралыктан добуш берилүүдө.

БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер - 2 000 528 (48,38%), аялдар - 2 134 511 (51,62%) түзөт.

Жалпысынан 33 шаардык кеңеште 993 депутат жана 231 айылдык кеңеште 5391 депутат шайланат.

Пикир

Оставить комментарий