• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда Сингапурдун мектептик билим берүү системасы өздөштүрүлөт

Билим 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Кыргызстандык 80 педагог окуучуларды PISA`га даярдоо үчүн Сингапурдун "Cerebry" платформасын колдонуу боюнча менторлордун тренингине катышат. Бул тууралуу маалымат Ысык-Көлдө өтүп жаткан мугалимдердин тажрыйба алмашуу иш-чарасында белгилүү болду.

Ал эми тренингден өткөн 80 педагог сентябрдан тарта STEM предметтери боюнча башка мугалимдерди окута баштайт.

"Сингапур өлкөсүнүн билим берүү системасындагы бүгүнкү ийгилиги, алардын мындан 14-15 жыл мурун баштаган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасы. Биз учурда жасалып жаткан иштердин жыйынтыгын 5-6-айдан кийин күтпөшүбүз керек, анткени бул узак мөөнөттүү талап кылуучу иш. Биздин колубузда чоң улуттук тагдыр турат, ошону унутпайлы. Өзгөрүү үчүн чоң жолго аттандык жана аны биргеликте ишке ашырабыз", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Ал эми министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын экономикалык абалына, эмгек шартына, маданиятка ылайыкташтырылган, дүйнөнүн 90 өлкөсүндө пайдаланылган Сингапурдун 46 ар кандай аталыштагы так илимдер боюнча предметтик китептери алынганын билдирди.

"Дүйнөдө эң алдыңкы натыйжа берген Сингапурдун STEM предметтери боюнча китептерин алдык. Бүткүл дүйнөдө бир формула, бир түшүнүк, бир чечим бар, биздин өлкөдө балдар үчүн башкача билим, түшүнүк болбошу керек ”, - деди министр.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Билим берүү жана илим министрлиги Сингапурдагы билим берүү чечимдеринин алдыңкы провайдери болгон Marshall Cavendish Education Pte Ltd менен Кыргызстандын билим берүү системасын трансформациялоого көмөктөшүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий