Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйүүдө – УКМК

Коом 0


Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн кабарлайт.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, азыркы учурда комитет бүткүл өлкө боюнча баңгизаттарды өндүрүүчүлөрдү жана таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.

"Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу "капкан". Өзгөчө 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

УКМК шаар тургундарын баңгизаттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланышкан бардык белгилүү фактылар боюнча : 0312-66-04-75 ишеним номурлары аркылуу билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий