• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда соода иши үчүн салык салуунун патенттик системасы артта калды

Экономика 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 82 миң 886 ишкер, же патенттик салык салуу системасында соода чөйрөсүндө иштегендердин жалпы санынын 98%дан ашыгы башка салык режимдерине өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен 65 миң 745 субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандашкан, ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген СБКнын базарлары "Дордой" жана "Тураталы эл базарында" ("Кара-Суу") иштеген 17 миң 141 субъект өзгөчө салык режимине өткүшкөн.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып республикада патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулган.

1990-жылдары киргизилген салык салуунун патенттик системасы өлкөдөгү чакан жана орто ишкердикке дем берүүдө жана өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногон. Бирок, ал ошол эле учурда салык төлөмдөрүн бирдей эмес бөлүштүрүү жана көмүскө экономиканын өсүшү сыяктуу бир катар терс кесепеттерге алып келген.

Заманбап глобалдык экономиканын шартында патенттик система архаикалык болуп калган. Ал ата мекендик экономиканын жана бизнестин мындан ары өнүгүшүнө тоскоол болгон.

Салыктык башкарууну жакшыртуу жана модернизациялоо, көмүскө экономиканы кыскартуу, адилеттүү салык системасын жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн соода чөйрөсүндөгү патентти жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий