• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин жыйынында "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алынды.

Программанын максаты – соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү жолу менен ата-мекендик айыл чарба продукцияларынын экспорттук дараметин тышкы рыноктордо жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле аймактык соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү жолу менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө продукцияларды сатууда жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий