Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. 2019-жылдын 24-июнунан тарта "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылууда.
Анын демилгечилери – депутаттар Г. Асылбаева, С. Айдаров, А. Касымалиева, А. Абжалиев, И. Гайпкулов, А. Жээнбеков, А. Нурбаев, Ч. Турсунбеков, У. Примов, Ж. Турускулов, Б. Турусбеков.
Маалымкат негиздемеге ылайык, "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) иштеп чыгуу зарылдыгы бир катар себептерден улам келип чыккан.
Учурдагы "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзамы 2002-жылы кабыл алынган. Укук колдонуу практикасы көрсөтүп жаткандай, мыйзамдын жоболорунун көпчүлүгү декларациялык мүнөздө болууда. Мыйзамдагы түшүнүктүк аппарат минималдык түрдө берилген. Ички соода секторунда колдонулуучу көптөгөн негизги терминдер мыйзамда жок же болбосо мыйзамдан кийинки ченемдик укуктук актыларда ачылып берилген. Ошондой эле мыйзамда ички сооданын структурасы, анын ичинде ички сооданын түрлөрү жана объекттери көрсөтүлгөн эмес.
Кыргызстанда соода түйүндөрүнүн саны жылдан жылга өсүп жатат, мунун натыйжасында калкты тейлөөнүн, сунушталуучу товарлардын ассортиментинин, ошондой эле салыктык администрациялоонун сапаты жогорулоодо. Бирок, чекене соода түйүндөрүнүн өнүгүшү бир катар терс көрүнүштөргө да алып келди. Алардын бири – товарларды берүүчүлөрдүн жана соода түйүндөрүнүн өз ара аракеттенүү шарттарындагы тең укуктуу эмес жана адилеттүү эмес жагдайлар. Соода түйүндөрү заманбап жана технологиялык бизнес болуп, аларда товар жүгүртүү чоң көлөмдө болгондуктан товар берүүчүлөгө гана эмес каллка да зор кызыкчылык жаратып жатат. Бирок, соода түйүндөрү өздөрүнүн мындай абалын пайдалануу менен өздөрүнүн өнөктөштөрү – товар берүүчүлөр менен товар берүү жөнүндө келишимдерде аларга тең укуктуу эмес жана адилеттүү эмес шарттарды коюшу мүмкүн. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, соода түйүндөрү товар берүүчүлөргө карата тең укуктуу эмес жана адилеттүү эмес практика товар берүүчүлөрдүн жаңы өндүрүмгө же жаңы өндүрүштүк процесстерге инвестиция салууга кызыгуусун азайтат, бул болсо сатып алуучулар жана өлкөнүн экономикасы үчүн терс натыйжа берет.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Россия Федерациясынын тажрыйбасы пайдаланылды. Анткени Кыргыз Республикасында соода түйүндөрүнүн жана товар берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелер башынан эле Россия Федерациясындагы соода түйүндөрүнүн жана товар берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелердин үлгүсүнө жана тажрыйбасына таянуу менен жүргүзүлүп келе жатат. Россия Федерациясында мындай мамилелер соода түйүндөрү товар берүүчүдөн товарлардын белгилүү бир санын алганына байланыштуу соода түйүндөрүнө сый акы (ретробонус) төлөөнү, соода түйүндөрүндө товарларды өткөргөндүк үчүн башка сый акыларды төлөөнү жөнгө салууга, ошондой эле ак ниеттүү эмес жана жүктөм салуучу практикаларга тыюу салууга негизделген. Ошондуктан, мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын аймагында соода түйүндөрүнүн жана товар берүүчүлөрдүн ортосундагы экономикалык кызыкчылыктардын балансын түзүү жана кармоо жана ички сооданы шайкеш өнүктүрүү максатында, соода түйүндөрүнүн жана товар берүүчүлөрдүн өз ара мамилелерин жөнгө салуу каралып жатат.
Мыйзам долбоору өзүндө ички соода жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын кайра каралган нормаларын камтыйт, ал тийиштүү укуктук нормаларды системалаштырууга жана структуралаштырууга, укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды толтурууга багытталган.
Пикир
Оставить комментарий