Кыргызстанда Сосновка жана Кара-Көл постторуна накталай эмес төлөм киргизилет

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Сосновка жана Кара-Көл постторунда унаалардын өтүүсү үчүн төлөмдөрдү QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнү киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун министр Тилек Текебаев Сосновка өткөрмө постуна барып, тесттик режимде ишке киргизилип жаткан накталай эмес төлөм системасы менен таанышты.

Калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында киргизилип, сыналып жаткан программа тууралуу толук маалымат алган министр иш жүзүндө пайда болгон айрым майда кемчиликтерди жоюу менен элдин ыңгайлуулугу үчүн тез арада киргизүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, накталай эмес төлөм системасы министрликке караштуу "Өндүрүштүк инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыгууда. Азыркы тапта төлөм чогултуу адам факторунун кийлигишүүсү жок терминал аркылуу ишке ашып жатат.

Мындан тышкары, эки посттун кириш-чыгыш жолдорун кеңейтүү маселеси дагы каралууда.

Эске салсак, буга чейин төлөм топтоо көзөмөлүн күчөтүү максатында Сосновка жана Кара-Көл постторунда видеокамералар орнотулуп, анын жыйынтыгында төлөм чогултуудан түшкөн каражаттын көлөмү кескин жогорулаган

Пикир

Оставить комментарий