Кыргызстанда социалдык облигацияларды сатууну узак мөөнөттүү кылуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 02.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда социалдык облигацияларды сатууну узак мөөнөттүү кылуу пландалууда. Бул тууралуу “Азия Банктын” өкүлү Земфира Атакишиева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган банк өлкөдө экинчи жолу социалдык баалуу кагаздарды сатыкка чыгарды. Алдыда облигациялардын дагы үчүнчү жана төртүнчү ирет сатыларына ишеним артылууда.

“Биздин социалдык облигациялар Кыргызстандагы социалдык маанилүү долбоорлорду колдоонун маанилүү куралы болуп калганына сыймыктанабыз. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен биздин өнөктөштүгүбүз туруктуу өнүгүүгө жана жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга умтулуубузду ырастап турат. Биз экологиялык, социалдык жана башкаруу маселелерин (ESG) жигердүү колдойбуз. Бизге кайрылган кардарлардын 60%дан ашыгын аял ишкерлер түзөт. Ошондуктан биз алардын каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга аракет жасап жатабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу гендердик облигациялар сатыкка 2022-жылдын ноябрь айынан баштап чыккан. Баалуу кагаздар аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн ишкерлердин демилгеси менен чыгарылган. Анда жалпысынан 82 миллион сомдук баалуу кагаздар коюлуп, анын ичинен 29 миллион сомдук көлөмү сатылган.

Пикир

Оставить комментарий