• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанда соцконтракттын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя бериле баштады

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. КР президентинин демилгесине жана министрлер кабинетинин чечимине ылайык, социалдык контракттын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя берилүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, насыя берүү “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтары аркылуу ишке ашууда.

Алгачкылардан болуп Алай районунун тургуну Жаңылай Биримкулова 2023-жылы аарычылык багытына 100 миң сом социалдык контракт алып, жеке ишкердик ачкан. Эми аарычылык багытты андан ары өнүктүрүү максатында 200 миң сом пайызсыз кредит алды. Буга чейин 10 бал челек алып, тапкан кирешесинин эсебинен кошумча 9 бал челек сатып алган. Пайызсыз кредиттин алкагында бул багыттын кирешелүүлүгүн эске алып, дагы кошумча 20 бал челек аарылары менен сатып алып, ишин улантууда.

Ошондой эле Чаткал районунун Шекафтар айылынын тургуну Максат Камчыбеков 2023-жылдын апрель айында пескоблок жасап чыгаруу үчүн бизнес-план түзүп, 100 миң сом социалдык контракт алган. Пескоблок чыгаруучу станокторун алып иштетип, ушул убакытка чейин күнүнө 2 миң сомдон киреше таап келген. Кошумча 3 жумуш ордун түзгөн. Пескоблок чыгаруучу аппаратына кошумча материалдарды алып, мындан да көбүрөөк киреше табууну пландап, 200 миң сом пайызсыз кредит алды.

Кочкор районунун тургуну Гүлбарчын Мунарбек кызы 5 баланын энеси, 2022-жылы социалдык контракт алып, ашкана ачкан. Азыркы учурда 6 жумушсуз жаранды иш менен камсыз кылып жатат. Айына 30-35 миң сомго чейин киреше табууда. Тамак-аштарга буйрутма алып, велосипед менен жеткирүү кызматын да көрсөтүп келген. Гүлбарчын айым пайызсыз кредит алып, буйрутмалардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу тамак-аштарды жеткирип иштөө максатында 200 миң сомдун үстүнө тапкан кирешесинен кошуп, унаа сатып алууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий