• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Кыргызстанда сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 41 миң 317

COVID - 19 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 107 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 52, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда –12, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда - 16 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 317ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий