• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 3, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды айылында жыгач устундуу шифер жабылган кароосуз калган үйдүн 6 чарчы метр чатыры жана 1 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында эки кабаттуу турак үйдүн экинчи кабатынын 16 чарчы метр полу жана дубалдары күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылында турак үйдүн 16 чарчы метр бөлмөсү толугу менен жана уктоочу бөлмөнүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий