Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 130 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 16, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда - 12, Ош облусунда – 31,Нарын облусунда - 14, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 28, Баткен облусунда – 10 бейтап коронавирустан айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 227 адамга жетти.
Пикир
Оставить комментарий