Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутканын ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жыгач устунду тунуке жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры жана ашкана бөлмөсүндө 2 газ баллон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында ачык аянтта 4 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылында тигүүчү цехтин 100 чарчы метр кампасы жана материалдар күйгөн. Өрт электр зымдардын кыска чыңалуусунан келип чыккан.
Пикир
Оставить комментарий