Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 190 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 25, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда - 9, Ош облусунда – 46, Нарын облусунда – 4, Талас облусунда -1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 43, Баткен облусунда – 42 бейтап коронавирустан айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 712 адамга жетти.
Пикир
Оставить комментарий