• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда сутка ичинде 198 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 198 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 84, Ош шаарында –4, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 11, Нарын облусунда - 7 , Талас облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 33, Баткен облусунда - 33 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 40 миң 158ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий