• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда сутка ичинде 246 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 246 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 137, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 11, Талас облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда – 25 Жалал-Абад облусунда – 31, Баткен облусунда 19 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 895ке жетти.

Пикир

Оставить комментарий