• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда сутка ичинде 261 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 261 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 119 киши, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда – 15, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда 18 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 34миң 567ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий