Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 71 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 53, Ош – 1, Чүй облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 36, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 23 жана Нарын облусунда – 1 киши айыкты.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болуп, өлгөндөрдүн саны 1497 адамга жетти.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 550 бейтап, амбулатордук түрдө 515 адам дарыланууда.
Сайтта көрсөтүлгөндөй, бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 241 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 196 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 653 киши айыгып чыкса, 1 миң 497 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий