• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 232 адамдан табылып, 4 киши каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 19.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 232 адамдан табылып, 4 киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 67, Ошто - 4, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда - 16, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда – 47, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда - 15 адам ооруп калды.

Ал эми бир сутка ичинде 408 киши илдеттен сакайды. Алар Бишкек шаарында – 115, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 135, Ош облусунда – 27, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 42, Жалал-Абад облусунда – 34, Баткен облусунда – 21 бейтап айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болду: Бишкекте - 1, Баткен облусунда - 1, Ош облусунда – 2 адам.

Өлкөдөгү стационарда 1 миң 694, амбулатордук түрдө 2 миң 551 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4069 учур катталды, алардын ичинен 3829 медкызматкер сакайды.

Коронавирус жайылып башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 78 миң 911 адам ооруп, 72 миң 459у айыкса, 1 миң 328и каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий