Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин жасалма интеллект боюнча саммити өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин жасалма интеллект боюнча саммити өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара президент Садыр Жапаровдун Астанада Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун 10-чу саммитине катышуусунда бекитилген иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Саммитте катышуучулардын жасалма интеллекттин актуалдуу маселелерин талкуулоо, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү, инновацияларды стимулдаштыруу жана бул жаатта прогресске көмөктөшүүсү боюнча кызматташуу стратегияларын иштеп чыгуу үчүн ачык аянтча түзүлөт.

Мындан тышкары, атайын уюштурулган көргөзмөдө өнөктөштөрдүн долбоорлорун жана санариптик компаниялардын акыркы иштеп чыгууларын көрсөтөт.

Саммит төмөнкү маселелердин спектрин камтыйт:

  • жасалма интеллектин жана киберкоопсуздуктун келечеги;
  • маалыматтарга негизделген чечим кабыл алуу үчүн Жасалма интеллектин киргизүү;
  • G-Cloud технологияларын оптималдаштыруу;
  • ата мекендик жасалма интеллектисин жаратуу;
  • жасалма интеллекти жөнгө салуу.

Көбүрөөк маалымат алуу жана саммитке катталуу үчүн атайын веб-сайт ачылды: ai-summit2024.digital.gov.kg.

Пикир

Оставить комментарий