Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн 2017-жылдын "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн. Анын ичинен бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды.
Пикир
Оставить комментарий