• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки өндүрүү багытында 415 ишкана катталды

Экономика 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. 2024-жылдын 10-сентябрына карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде облустар боюнча:

  • Баткен облусунда – 7;
  • Жалал-Абад облусунда – 38;
  • Ош облусунда – 28;
  • Ысык-Көл облусунда – 25;
  • Нарын облусунда – 11;
  • Талас облусунда – 4;
  • Чүй облусунда – 136;
  • Бишкек шаарында – 146;
  • Ош шаарында – 20.

Ошондой эле тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган, алардын ичинен облустар боюнча:

  • Баткен облусунда – 1214
  • Жалал-Абад облусунда – 1499;
  • Ысык-Көл облусунда – 712;
  • Нарын облусунда – 562;
  • Ош облусунда – 3021;
  • Талас облусунда – 194;
  • Чүй облусунда – 1815;
  • Бишкек шаарында – 1093;
  • Ош шаарында – 703.

Республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 21,4 %ды түздү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2024-жылдын январь-июль айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 45148,1 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси – 120%ды түзгөн.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-августуна карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча өткөрүлүүчү контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргызстандын уюмдарынын жана жактарынын реестринде болгону 400 субъект катталган, анын ичинде:

  • сүт продукциясын өндүрүү боюнча – 44;
  • бал чогултуу жана сатуу – 68;
  • балык кайра иштетүү – 44;
  • термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүү – 21;
  • улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
  • касапкана – 11;
  • тирүү малды өстүрүү жана сатуу – 35;
  • канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар – 10;
  • мал азыгын өндүрүү жана сатуу – 23;
  • жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 126;
  • жаныбарлардан алынган сырьену (ичеги, жүн, тери) кайра иштетүү – 14;
  • ветеринардык препараттар – 1.

Пикир

Оставить комментарий