• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда "Таза аба" аталышындагы экологиялык акция жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 7-сентябрдан 7-октябрга чейин "Таза аба" экологиялык акциясы жарыяланган.

Ведомстводон маалымдашкандай, акция 7-сентябрь "Көк асман үчүн таза аба эл аралык күнүнө" жана 16-сентябрь "Озон катмарын коргоонун эл аралык күнүнө" карата жарыяланды.

Анын алкагында министрлик "Мувгрин" коомдук бирикмеси менен биргеликте "Дем ал" фестивалын уюштурду. Иш-чарага экологиялык активисттер, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.

Муну менен бирге фестиваль искусствону, экологиялык билимди жана коомчулуктун катышуусун бириктирип, шаардыктарга таза абанын мааниси жөнүндө ой жүгүртүүгө, жашыл жашоо үчүн жаңы көндүмдөрдү жана идеяларды алууга жана бардыгы үчүн жакшы келечекти түзүү үчүн күчтөрдү бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Пикир

Оставить комментарий