Бишкек, 25.12.17 /Кабар/. Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал 2017-жылдын 13-декабрында кармалган. Колгон түшкөн уюмдун мүчөсү КРдин жараны 1990-жылкы “Ю.К.”.
Билдирүүдө айтылгандай, “Ю.К.” эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп, Сирияда өкмөттүк армияга каршы аракеттерге активдүү катышканы аныкталган.
“Кыргызстандан Сирияга согушкерлерди жөнөтүү боюнча жаңы каналдарды түзүүгө милдеттендирилген. Учурда кылмыш иши козголду”,-деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген. Териштирүү амалдары уланууда.
Пикир
Оставить комментарий