Кыргызстанда титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод куруу маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Хами шаарында “Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd” компаниясынын директору Сяо Чжихай менен жолукту.

Жолугушуу Акылбек Жапаровдун Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы маселелер боюнча кенен сүйлөшүү жүргүздү, тагыраагы Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводду куруу маселесин карашты.

Өз сөзүндө минкаб төрагасы Акылбек Жапаров бул тармакта кызматташуунун келечеги кенен экенин, Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жогору жана чет элдик ишканалар, инвесторлор, ишкерлер үчүн кыргыз бийлиги жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын кошумчалады.

Ал эми компания директору Сяо Чжихай эки тарапка тең пайда алып келе турган долбоорлорду ишке ашырууга дайым кызыкдар экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакын арада кыргыз тарап менен кытай тараптын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп Кыргызстандын аймагында изилдөө иштерин жүргүзө турганы белгилүү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому менен “Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd” компаниясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү морандумуна кол коюлду.

Белгилей кетсек, жогорудагы компания дүйнөлүк алдыңкы заманбап жабдуулар менен камтылган жана жогорку даражалуу адистер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий