• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу мектептердин, окуучулардын саны көбөйдү

Билим 0

Бишкек, 31.08.24. /Кабар/ . Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу мектептердин, окуучулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпы 2 миң 377 мектеп бар, анын ичинен мамлекеттик – 2 миң 173, жеке менчик – 204. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27 мектепке көп.

Жалпы билим берүү уюмдарында 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын саны 1 миллион 491 миң. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп.
Ал эми өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тили болуп беш тилде жүргүзүлөт.

Алсак, 1 миң 668 мектепте окутуу бир тилде жүргүзүлөт, тагыраагы кыргыз тилинде – 1 миң 368 мектепте, орус тилинде – 274, өзбек тилинде – 18, тажик тилинде – 3, англис тилинде – 5 мектепте окуучулар билим алышат.

Мындан тышкары, 709 мектепте аралаш тилде, анын ичинен 548 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт.

Бишкек шаары боюнча 121 мектептин 16сында кыргыз тилинде, 20сында орус тилинде, 85де аралаш тилде окутулат.

Ош шаарында 71 мектеп бар, анын ичинен кыргыз тилинде – 10 мектепте, орус тилинде – 1, кыргыз-орус тилдеринде – 32, кыргыз-орус-өзбек тилдеринде – 28 мектепте билим берилет.

2024-2025-окуу жылына карата орус тилдүү билим берүү мекемелеринде 307 кыргыз класстарын ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий