• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда тоо лыжа спортун өнүктүрүү: федерация түзүлүп, швейцариялык спортчу келет

Спорт 0


Бишкек, 03.05.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда “Кыргыз лыжа спорту” федерациясы түзүлгөнүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында аталган федерациянын президенти Бакыт Түлөжанов билдирди.

Анын айтымында, аталган федерация жаңы түзүлүп, анын курамына беш облустун өкүлдөрү кирди.

“Биздин багытыбыз – Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы лыжа спортун өнүктүрүү болуп саналат. Өспүрүмдөргө басым жасалып, аларды эрте курактан тарта лыжага туруу, тебүүнү үйрөтүп, спортко болгон кызыгуусун күчөтөлү деп федерацияны түзүп жатабыз. Алдыда швейцариялык долбоор аркылуу 470 жуп лыжанын комплектин алганы турабыз. Аймактарда бул багытта каржылык жактан кыйынчылык болгондуктан, жакында келе турган лыжаны беш облуска: Жалал-Абад, Нарын, Алай (Ош), Ысык-Көл, Чүйгө бөлүп беребиз”, - дейт ал.

Түлөжанов Кыргызстанга ошондой эле швецариялык белгилүү спортчу келип, жергиликтүү машыктыруучуларга мастер-класс өткөрөрүн кошумчалады.

Лыжа спорту боюнча машыктыруучу Кубанычбек Дүшөнбиев тоо лыжа спорту Кыргызстанга 1950-1960-жылдары келгенин айтты.

“Ал учурда СССРдин курама командасына Кыргызстандан кирген спортчулар дагы болгон. Дене тарбия академиясында тоо лыжа спорту боюнча адистерди даярдайт эле, жабылып калган. Азыр ачылса жакшы болмок. Мындан сырткары, жогоруда айтып кеткендей беш облуста өкүлчүлүгү ачылды, эми Баткен менен Таласта дагы лыжа базалары курулуп калса, жети дубанда тең аталган спорттун түрү өнүгөт эле”, - деди машыктыруучу.

Дагы бир машыктыруучу Вадим Караульных Кыргызстанда лыжа спорт түрүндө гана эмес, туризм жаатында да алдыга жылып жатканын белгилеп кетти.

“Өлкөнүн 95 пайызын тоо түзгөндүктөн лыжа спортун жаңы деңгээлге чыгарыш керек. Кандай пландар бар? Лыжа базаларын куруу, спортчуларды даярдоо, кесипкей машыктыруучу, гид, адистерди окутуу каралууда”, - дейт Караульных.

Пикир

Оставить комментарий