• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда турак жайын камсыздандыргандардын саны өстү

Экономика 0

Бишкек, 02.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда турак жайын камсыздандыргандардын саны өстү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Уюмдун маалыматына ылайык, 2016-жылдан 2024-жылга чейин турак жайды камсыздандыруу динамикасы 2020-2021-жылдардагы анча-мынча олку-солкулуктарды эске албаганда, туруктуу өсүшү байкалууда.

2024-жылы камсыздандырылган турак жайлардын санынын өсүшү жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө. 1-сентябрга карата турак жайды камсыздандыруу боюнча 159 миң 331 келишим түзүлдү, бул башка жылдардагы көрсөткүчтөрдөн алда канча көп.

“Жылдын аяктаарына төрт ай калды. Ошондо жыл соңуна чейин турак жайды камсыздандыруу боюнча рекорддук көлөмгө жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар”, - дешти уюмдан.

  • Жыл башынан бери өлкө аймагы боюнча 182 турак жай өрттөн жана табигый кырсыктан жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан аларга жалпы суммасы 22 млн 165 миң 726 сом төлөндү.

Облустар боюнча бөлүп карай турган болсок:

- Баткен облусунда 15 кырсык катталып, 1 млн 867 миң 25 сом берилди;
- Жалал-Абад облусунда 36 учурга 5 млн 800 миң 896 сом берилди;
- Ысык-Көл облусунда 8 кырсыкка 1 млн 126 миң 988 сом берилди;
- Нарын облусунда 18 учурга 337 миң 476 сом берилди;
- Ош облусунда 78 кырсыкка 11 млн 722 миң 973 сом берилди;
- Талас облусунда 18 кырсыкка 662 миң 914 сом берилди;
- Чүй облусунда 9 учур катталып, 647 миң 454 сом берилди.

Турак жайды камсыздандыруунун тарифи төмөндөгүдөй:

  • Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу полисинин баасы айыл жергесинде 600 сомду түзөт, үй кырсыкка учураганда 500 миң сомго чейин төлөнүп берилет. Ал эми шаарда камсыздандыруунун баасы 1200 сом, аларга 1 млн сомго чейин каражат төлөнөт.
  • Калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына жеңилдиктер берилет. I, II топтогу майыптыгы бар жарандарга 100%, III топтогу майыптыгы бар жарандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык пакеттери бар адамдарга жана жалгыз жашаган пенсионерлерге 50% жеңилдик каралган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, өлкө боюнча 1 млн 212 миң 901 турак жай катталган. Анын 159 миң 331и (13,14%) Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда камсыздандырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрь айына карата 331 сел катталып, анын кесепетинен 5354 үй жабыркаган. Булардын 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж.

23-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу зонада жайгашкан үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды. Бул мындай жагдайлар кайталанган учурда жарандарды финансылык жактан коргоону камсыз кылат жана турак жайынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кесепеттерин азайтат. Ушуга байланыштуу кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу калктын коопсуздугун жана табигый кырсыктардын кесепеттерине туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп калат.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков белгилегендей, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мекемеси менен биргелешкен иштер жүрүп жатат. Ошондой эле элге камсыздандыруу кызматтарын жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу максатында бир катар коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары менен кызматташуу жүргүзүлүүдө.

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму калк арасында чоң маалыматтык түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп келүүдө. Бул кызматташтык жарандар үчүн электрондук камсыздандыруу полистерин тариздөө жана камсыздандыруу төлөмдөрүн мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого багытталган. Маалыматтык-түшүндүрүү иштери жалпыга маалымдоо каражаттарында активдүү жайылтылууда. Ошондой эле социалдык тармактарда камсыздандыруу тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бул иштер жарандарды камсыздандыруу боюнча маалымдоо деңгээлин жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасын аткаруу максатында активдүү иштерди жүргүзүүдө”, - деди ал.

Ошондой эле Элдияр Калдарбеков республика боюнча Кадастрдын бардык филиалдарында турак жайды милдеттүү камсыздандырууну тариздөөгө мүмкүн болгон камсыздандыруу пункттары ачылганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий