• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Кыргызстанда туристтик жайларга жете турчу жолдор жакшырууда

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда туристтик жайларга баруучу унаа жолдору асфальтталынып, жакшырууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн жаратылышы кооз жерлерге бара турчу унаа жолдорду оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Алсак, “Каракол” тоо лыжа базасына барчу жолдун 3,5 чакырымында асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, аталган тилкени бойлой жөө адамдар үчүн тротуар салынып, унаа токтотуучу жай курулду.

Мындан сырткары, азыркы тапта Арстанбап жаңгак токоюна, Сары-Челек биосфералык коругуна бара турчу жол, Ысык-Ата курортуна жете турчу Красная-Речка-Ысык-Ата жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү.
Ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуу жайларынын 7 чакырым жолу асфальтталынып, кооз жаратылышы менен таанылып, миңдеген коноктор көрүүгө ашыккан дагы туристтик объектилердин, көл жээгинде жайгашкан пансионаттардын жолдорун оңдоо мерчемделүүдө.
Эске салсак, быйыл Чүй облусундагы Ала-Арча жаратылыш паркынын жолу жана “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо борборуна бара турчу Кой-Таш-Узун-Кыр унаа жолу да асфальтталынган.

Пикир

Оставить комментарий