• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда туркомпаниянын негиздөөчүсү мамлекеттен 2 млн сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алды

Экономика 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Silk Way компаниялар тобунун негиздөөчүсү ишкер Эрмек Мырзабеков мамлекеттен “Доскредобанк” аркылуу 2 жылдык мөөнөткө 2 млн сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, ишкер насыяны “Микро, кичи жана орто ишканаларга өзгөчө колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында алган.

Ишкердин айтымында, компанияда бардык керектүү документтер болгондуктан, каражат алууда эч кандай маселе болгон эмес. Ишкерлерди Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө шыктандырган “Микро, кичи жана орто ишканаларга өзгөчө колдоо көрсөтүү” долбоорун ишке ашуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бул долбоор Covid-19 пандемиясынан кийин туризм тармагын колдоо боюнча чоң кадам болду.

Silk Way компаниялар тобу бир нече багытта иш алып барат - сыртка чыгуу жана бизнес туризми, башкача айтканда, Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө жөнөтүү, биздин өлкөдө чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу жана корпоративдик уюмдарды тейлөө. Ишкана долбоордун алкагында алынган каражатты жүгүртүү каражаттарын толуктоого жумшаган.

Пикир

Оставить комментарий