• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда "убактылуу ташып кирүү" бажы жол-жобосун бузуу фактылары аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда "убактылуу ташып кирүү" бажы жол-жобосун бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "Д." ЖЧКсы тарабынан 22-февралга чейин аяктоо мөөнөтү менен "убактылуу ташып кирүү" бажы жол-жобосунда 2004-жылы чыгарылган Mercedes-Benz Atego жүк ташуучу унаасы тариздөөдөн өткөндүгүн аныктаган.

Бирок, милдеттенмелер аткарылган эмес, транспорт каражаты ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгарылбай жана ЖЧК "убактылуу ташып кирүү" бажы жол-жобосунун мөөнөтүн узарткан эмес. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 747 миң 7 сомду түздү.

Ушундай эле факты 1994-жылы чыгарылган Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаага карата да аныкталган. "А.А.А." аттуу КР жараны 10-мартка чейин аяктоо мөөнөтү менен "убактылуу ташып кирүү" бажы жол-жобосу боюнча унааны алып келген. Ошол эле учурда убактылуу ташып кирүү жол-жобосун узартпастан, транспорт каражаты ЕАЭБдин аймагында калган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 626 миң 826 сомду түздү.

Жогорудагы фактылар КБР МКЖ АДСе катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий