• 86.8
  • 91.46
  • 0.87

Кыргызстанда учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча алгачкы окуу борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор Кытайдын Шеньсий кесиптик-техникалык колледжи менен өнөктөштүктө Xi'an Tianyi Intelligent Control Education Technology компаниясы тарабынан ачылды.

"Жаңы окуу борбору геодезия, транспорттук, геомаалыматтык жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу түрдүү тармактарда дрондордун технологиясы жана эксплуатациясы боюнча адистерди даярдоого адистешкен. Бул кызматташтык Кыргызстан менен Кытай үчүн гана эмес, бүткүл аймак үчүн билим берүү жана технологияны өнүктүрүүдө олуттуу кадам болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий