Кыргызстанда "Учкундан" чыгарылган паспорттор бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июндан тарта "Учкун" ААК басмаканасынан чыгарылган паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди.

Анын айтымында, биринчи партиясы басылып чыгып, алынды.

"1-июндан тарта ата мекендик өндүрүштөгү паспортторду бере баштайбыз", - деди ал.

Министрдин орун басары паспорттор сапаты жагынан мурдагыга салыштырмалуу жакшыраак экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин паспорт, техпаспорт жана айдоочулук күбөлүктүн бланкалары чет өлкөдө жеке компаниялар тарабынан чыгарылып, мамлекет ага жылына 15 млрд сомго чейин төлөп келген.

Пикир

Оставить комментарий