• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталарга сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда улуттук музыкалык аспаптарды: комуз, кыл кыяк, темир ооз комузду жасаган усталарга кароо-сынак жарыяланды. Сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Музыка ишмерлер союзу менен биргеликте өткөрөрүн маалымдады.

Аталган кароо-сынак усталардын эмгектерин мезгилдин талабына ылайыкташтыруу, тажрыйбасын өстүрүү, жогорку деңгээлге чыгуусуна шарт түзүү менен бирге коомчулукка алып чыгууга өбөлгө түзөт.

Сынак эки баскыч менен өткөрүлөт.

I баскыч:
- 09.10.2024-ж. саат 12:00дө Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында( Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары);
- 11.10.2024-ж. саат 13:00дө Балыкчы шаарынын маданият үйүндө (Ысык-Көл, Нарын облустары);
- 15.10.2024-ж. күнү саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук тарых музейинде (Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаары).

II финалдык баскыч:

I орунду жеңип алгандар финалга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

15-октябрда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Сынакка катышууну каалагандар табыштаманы 3-октябрга чейин Улуттук маданий борборунун электрондук дарегине umdkomuz@mail.ru жөнөтүүлөрү зарыл. Байланыш телефондору 0701336826, 0555336826.

Кароо-сынактын негизинде Улуттук маданий борбору тарабынан усталардын республикалык маалымат базасы түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий