• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда унаа номерлеринин баасы 40 пайызга арзандады

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик номерлердин баасы 40%га арзандады. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 18-июлунан тартып мамлекеттик номерлердин комплектисин берүү баасы 1016 сомду түздү, бул мурунку баадан 40%га арзан, мурда номерлердин баасы 1720 сом, ал эми дипломатиялык номерлер 2666 сом болгон.

Мындай арзандатуу мамлекеттик номерлерди даярдоо жана берүү процессин оптималдаштыруунун натыйжасында мүмкүн болду.

Белгилей кетсек, КР президентинин жарлыгына ылайык, мамлекеттик номерлерди чыгаруу функциясы Агенттикке өткөрүлүп берилген.

Жыл башынан бери 1 миңден ашык пенсионер жана майыптыгы бар жарандар мамлекеттик номерлерди акысыз алышкан.

Эскерте кетсек, транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар пайдаланылган мамлекеттик каттоо белгилерин пенсионерлерге жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайтарымсыз негизде берүүгө жол берет.

Пикир

Оставить комментарий