• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда унаа терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү – баалары

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, 1-сентябрдан тарта транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирет.

Эми тонировкага уруксат алуу үчүн агенттиктин бөлүмдөрүнө барбастан, каалаган ыңгайлуу убакта онлайн кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик документтерди: паспорт жана транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүн көрсөтсө болот.

Ошондой эле транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмү да өзгөртүлдү:

- Кыргызстандын жарандары үчүн: 50 000 сом;
- Юридикалык жактар үчүн: 70 000 сом;
- Чет өлкөлүк жарандар үчүн: 90 000 сом.

Агенттик уруксат берүүгө кайрылууларды онлайн түрдө кабыл алуу системасын “Инфоком” мамлекеттик ишканасы иштеп чыкканын, учурда сервисти мобилдик тиркемелерге интеграциялоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Каптал айнектерди караңгылатууга уруксат 1 жылдык мөөнөткө М1 категориясындагы жеңил унааларга гана (таксилерден тышкары) берилет. Уруксаттын бар-жоктугун “Carcheck” кызматы аркылуу автоматтык түрдө текшерүүгө болот.

Эске салсак, буга чейин терезелерди караңгылатуунун тарифтери Кыргызстандын жарандарына 80 миң, юридикалык жактар үчүн 100 миң сом жана чет өлкөлүк жарандарга 120 миң сомду түзчү. 2022-жылдын май айынан тарта унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат бериле баштаган.

Пикир

Оставить комментарий