• 86.79
  • 90.83
  • 0.84

Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Валюта рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, өзгөрүлмө алмашуу курсунун режиминде валюта курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда.

Ал белгилегендей, учурдагы алмашуу курсунун динамикасы сезондук факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын ортосунда чет өлкө валютасына суроо-талап менен сунуштун калыптанышына байланыштуу.

"Улуттук банк валюталык интервенцияларды алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө үчүн гана жүргүзөт.

2014-жылдын 11 айында Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын сатуунун көлөмү 113 млн АКШ долларын түздү", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий