• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынын 14 миң 159 учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 29.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 14 миң 159 адамга жетти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 13 миң 331и кыргызстандык болсо, 828и чет элдик жарандар.

"Анын ичинен Бишкекте – 3 миң 600, Ысык-Көл облусунда – 533, Чүй облусунда – 3 миң 357, Талас облусунда – 213, Жалал-Абад облусунда – 1 миң 513, Ош облусунда – 3 миң 398, Баткен облусунда – 251, Нарын облусунда – 295 учуру катталды. Мындай көрсөткүч өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берет", - дейт дарыгер.

Дарыгер белгилегендей, ВИЧ төмөндөгүдөй үч учурда гана жугат:

  • жыныстык жол менен. ВИЧ жыныстык катнаштын бардык түрлөрүндө жугушу мүмкүн;
  • кан аркылуу. Булганган ийнелерди же шприцтерди кайра колдонуу, же бөлүшүү ВИЧти жугузуунун негизги жолу болуп саналат;
  • энеден балага. Бала ВИЧти эне кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана эмчек эмизүү учурунда жугузуп алышы мүмкүн.

Ал эми төмөндөгүдөй учурларда ВИЧ жукпайт:

  • ВИЧ инфекциясы өбүшүү учурунда же шилекей аркылуу жукпайт;
  • ВИЧ күнүмдүк байланышта - достор менен баарлашууда, мектепте же жумушта жукпайт. ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдын колун кысып, кучактап, бир дааратканага барсаңыз же бир стакандан суу ичсеңиз, же ВИЧ менен жашаган адам сиз тарапка жөтөлүп же чүчкүрсө, инфекция жукпайт;
  • ВИЧ чиркей жана башка курт-кумурскалар чаккан учурда да жукпайт.

Маалымат үчүн: ВИЧ – адамдын иммундук жетишсиздик вирусу, ал СПИД оорусуна алып келет. ВИЧти СПИД оорусу деп түшүнүү туура эмес. ВИЧ адамдын организминде пайда болгондон тартып, СПИДге өрчүп кетүү убагы алты айдан тартып, он беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Ага чейин ал организмде билинбей жүрө берет. Ал эми СПИД-иммундук жетишсиздик оорусунун синдрому болуп эсептенет. Адам баласына гана таандык, коркунучтуу, жаңы жаралган жугуштуу оорулардын бири.

Пикир

Оставить комментарий