• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда вирустук гепатит жугузуп алгандар 3,4 эсеге көбөйдү

Ден соолук 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан боюнча курч вирустук гепатиттердин 6 миң 152 учуру катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Динагүл Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4 эсеге көп, былтыркы жылдын 6 айында оорунун 1 миң 785 учуру катталган.

"Вирустук гепатит оорусуна кабылган жалпы 6 миң 152 адамдын 6 миң 44тү илдеттин А түрүн жугузуп алгандар. Бул былтыркы катталган 1 миң 630 учурга караганда 3,6 эсеге көп. Оорунун А түрүнө кабылгандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар (98 пайыз) арасында катталган", - деди ал.

Динагүл Оторбаева белгилегендей, аймактар боюнча алганда оорунун жогорку көрсөткүчү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусуна туура келет.

Пикир

Оставить комментарий