• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү кыскарууда

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү кыскарууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин көп көрсөткүчтөр боюнча жаңы кластердик изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланды.

Изилдөөгө таянсак, төрөлгөн 1000 ымыркайдын 15,6сы чарчап калат, беш жашка чыга элек балдардын арасында төрөлгөн 1000 балага 16,5 өлүм туура келет.

Ал эми 15-19 жаштагы өспүрүмдөр арасында төрөт боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй: 1000 аялга 32ни түзөт (ушул курактык топто), бул 2014-жылдагы эсептөөлөргө салыштырмалуу эки эсе аз дегенди билдирет.

Ошону менен изилдөөдө белгиленгендей, кош бойлуулук учурунда жана андан кийинки мезгилде жалпы Кыргызстан боюнча аялдарда адистерге жана саламаттык сактоо мекемелерине дээрлик жалпы жеткиликтүүлүк бар болгонун көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий