• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү банк карталарынын саны дээрлик 8 миллионду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда жүгүртүүдөгү банк карталарынын саны 7 млн 984,9 миңди түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуу органынын маалыматына караганда, анын ичинен 2024-жылдын 1-июлуна карата:

  • Элкарт бирдиги — 3 млн 584,2 миң :
  • ЭТС — 4 млн 400,8 миң.

Белгиленгендей, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу банк карталарынын саны 30,8 пайызга өскөн, ал эми жыл башынан бери өсүш 15,9 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий