Бишкек, 10.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда жүрөк жетишсиздигин жасалма интеллект аркылуу аныктоо ыкмасы ишке кирди. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде "Бикард" клиникасынын кардиохирургия бөлүмүнүн башчысы, кардиохирург Асан Назаров билдирди.
Анын айтымында, жасалма интеллекттин жардамы менен өнөкөт жүрөк жетишсиздигинин алгачкы баскычтарын аныктап изилдөө 2016-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат жана быйыл ишке ашты. Эми дарыгерлер жасалма интеллекттин жардамы менен жүрөк жетишсиздигин бир мүнөттүн ичинде аныктай алышат.
“Жасалма интеллект бардык тармактарда өз ордун таап жатат. Медицина тармагында дагы кеңири колдонулууда. Жасалма интеллекттин жардамында дарыгердин жана бейтаптын убакыты үнөмдөлөт, бул чоң профилактикалык мааниге ээ. “Бикард” кардиологиялык клиникасынын дарыгерлери Бишкектеги карылар үйүндө медицина кызматкерлери менен биргеликте улгайган адамдарды акысыз уникалдуу текшерүүдөн өткөрүштү. Алар жасалма интеллекттин жардамы менен 40 жаштан ашкан адамдардын жүрөк оорусун аныкташты. Текшерүү жасалма интеллекттин жардамы менен алар өнөкөт жүрөк жетишсиздигинин алгачкы баскычтарын аныктап, жүрөккө операция жасалгандан кийинки кыйынчылыктарды алдын ала айтышат. Бул инновациялык технология улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртат жана өлүмдү азайтат. Бирок бул бир гана улгайган адамдарга тиешелүү ыкма дегендик эмес, жаштарды да, дегеле бардык жарандарды бул ыкма менен текшерүүгө болот”,- деди ал.
Пикир
Оставить комментарий