• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташыган унааларга карата рейддик иш-чаралар уланууда

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташыган унааларга карата рейддик иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө.

9-сентябрдан 29-сентябрга чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө 46 миң 920 транспорт каражаты текшерилген. Анын ичинен 3 миң 366сы жүргүнчү ташуучу болсо, 43 миң 554ү жүк ташыган унаалар. Натыйжада тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 739 протокол түзүлүп, 5 млн 621 миң 500 сом айып пул салынды.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.

Белгиленгендей, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий