Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы прокурорлор жана орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 4 жаңы прокурорду дайындоо жөнүндө буйрукка кол койгон:
- Марат Абсатаров Чүй облусунун прокурорунун орун басары болуп дайындалды;
- Малик Бектурганов Бишкектин прокурорунун орун басары болуп дайындалды;
- Эдилбек Стакеев Аламүдүн районунун прокурору болуп дайындалды;
- Эркин Абдикеримов Бишкек гарнизонунун прокурору болуп дайындалды (буга чейин ал аскер прокуратурасынын Жалал-Абад гарнизонунун прокурорунун орун басары кызматын ээлеген).
Пикир
Оставить комментарий