• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарды каттай турган санариптик долбоор ишке ашты

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарды каттай турган санариптик долбоор ишке ашты. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы төрөлгөн балдардын мамлекеттик каттоо маселесин чечкен санариптик долбоорду Санариптик өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте ишке ашырды.

Эми төрөт үйүнөн ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат дароо Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.

“Буга чейин Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын 7-10%ы же он миңге жакыны жашоосунун биринчи жылында туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Мындай жагдайлар төрөт боюнча жөлөкпул, медициналык кызматтар, бала бакчага кирүү, мектепке баруу сыяктуу кепилденген мамлекеттик кызматтарды албай калуусуна алып келди. “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын май айында кыска мөөнөттүн ичинде бир нече мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо жүргүзүлдү. Натыйжада бул бардык жаңы төрөлгөн балдарды каттоо процессин натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана алардын толук документтештирилишин камсыздоого мүмкүндүк берди”, - деди Нурия Кутнаева.

Пикир

Оставить комментарий