• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берүү боюнча санариптик долбоор ишке кирди

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарга документ берүү боюнча санариптик долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Саламаттык сактоо жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтери менен биргеликте жүзөгө ашты.

Өлкө боюнча балдардын 7-10%ы (10 миңге жакыны) туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Мындай жагдай балдардын жөлөкпул, медициналык кызматтар, бала бакчага кирүү, мектепке баруу сыяктуу кепилденген мамлекеттик кызматтарды албашына алып келди.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын май айында кыска мөөнөттүн ичинде бир нече мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо жүргүзүлдү. Эми төрөт үйүнөн (Саламаттык сактоо министрлиги) маалымат дароо Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер (Эмгек министрлиги) үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.

Үч мамлекеттик органдын биргелешкен долбоору аркылуу 25-майдан 22-июлга чейин 876 баланын 398ине туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Калган балдар боюнча социалдык кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мында социалдык кызматкерлер ата-энелердин Калкты тейлөө борборлоруна жетпегендигинин жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн албагандыгынын себептерин тактаганда, анын бир катар себептери аныкталды:

- үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалда турушат (дароо каттоого алынат);
- үй-бүлөдө жана башка документсиз балдардын болушу (туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү боюнча колдоо көрсөтүлөт);
- ата-энелердин өзүндө тиешелүү документтер - паспорт, нике күбөлүгү жок (документ боюнча дароо жардам көрсөтүлөт).

Пикир

Оставить комментарий