• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда жаңы завод-фабрикалардын ачылышы менен экспорттун географиясы кеңейүүдө – серепчи

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда жаңы завод-фабрикалардын ачылышы менен экспорттун географиясы кеңейүүдө. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары республика боюнча жаңы заводдор ишке кирип, чакан жана орто ишканалардын ачылуусу өрүш алды. Муну менен жумуш орундары пайда болуп, аймактардын өнүгүүсүнө шарттар түзүлүүдө.

"Кыргызстанда жаңы завод-фабрикалар ишке киргизилип, продукцияны өндүрүү жолго коюлууда. Мурда мык чыгара албай жүрсөк, эми автомобилдер курала баштады. Ошентип, мыктардан тартып автоунааларга чейин ички суроо-талаптарды жаап, андан соң экспортко чыгуу дарамети жогорулап жатат. Ар бир аймактарда ачылган чакан жана орто ишканалар жергиликтүү тургундарды жумуш орундары менен камсыздоодо. Пандемия маалында солгундаган экономика азыр кайрадан калыбына келип, жакшы өсүштөрдү көрсөтүүдө. 2023-жылы Кыргызстандын ички дүң продуктусунун көлөмү 1 трлн сомдон ашты. Кыргызстан өзүнүн тарыхында бул көрсөткүчкө алгачкы ирет жетишти.

Өлкөнүн ИДПсы акыркы жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы пандемия маалында 8,4%га чейин түшүп кеткен эле. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүштү көрсөтсө, быйыл 8%дан ашат деген божомолдор бар. Ушундай темп менен жүрүп отурсак, Кыргызстаныбыз өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктайт деген ишеничибиз чоң”, - деди серепчи.

Пикир

Оставить комментарий